Site icon Reporter.kg

Салык кызматынын башчысы: ЭТТНди товардын 5 гана түрүнө калтыруу керек (видео)

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТН) товардын 5 гана түрүнө калтырып, калгандарын андан бошотуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынан жаңы төрага Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Шыкмаматовдун айтымында, алардын анализи боюнча ЭТТН ойлонулбай, терең талдоо жасалбай кирип калган.

«Ошондуктан менин жеке пикирим боюнча, ЭТТНди бюджетти түзгөн 5 гана товар түрүнө калтырыш керек. Бүгүнкү күнү товардын 13 миң түрүнө ЭТТН толтуруу зарыл: тиш чукугучтан баштап мунайзатка чейин. Биз мунайзат, спирт, тамеки, дары-дармек жана медициналык буюмдарга ЭТТНди калтырып, калганын баарын бошотуу керек. Ошондо чакан жана орто бизнеске мамлекет жана сиздер тарабынан камкордук жасалган болот», — деди ал.

Exit mobile version