Site icon Reporter.kg

Салык кызматынын төрагасы менен орун басары 20-январга чейин камакка алынды

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен орун басары Исламбек Кыдыргычев 2025-жылдын 20-январына чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин атайын кызмат Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычев коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып камалганын билдирген.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычевдин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экени аныкталган. Бүгүнкү күнгө карата аталган жогорку кызматтагы аткаминерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди, мыйзамда белгиленген мөөнөттө аларга айып тагылып, сот тарабынан бөгөт чарасы тандалат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version