Site icon Reporter.kg

Салык жүгүн азайтуу жана көзөмөлдү күчөтүү: Салык кызматы жаңы реформалар тууралуу маалымдады

Мамлекеттик салык кызматы калктын жана ишкерлердин салык жүгүн жеңилдетүү максатында жаңы мыйзам долбоорун сунуштаганын билдирди. Аталган долбоор учурда Жогорку Кеңеште каралып жатат.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоордо төмөнкү чаралар каралган:

Салык кызматы бул чаралар негизинен чакан ишкердикти өнүктүрүүгө, аны орто бизнеске өткөрүүгө жана орто бизнести ири бизнес деңгээлине жеткирүүгө багытталганын билдирди.

Ошондой эле кызмат жеңилдиктер менен катар көзөмөл дагы күчөтүлөрүн билдирди.

«Салык системасындагы ири реформалардын алкагында аналитикалык иштер күчөтүлүп, салыктык тобокелдиктерди аныктоонун жаңы системалары жана терең талдоо механизмдери ишке киргизилүүдө. Мунун негизинде мамлекет тарабынан жеңилдик режимин колдонуп жаткан салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө көзөмөл болот, ишкердик жүргүзүүдө калыстык жана бирдиктүү мамиле камсыздалат»,- деп айтылат маалыматта..

Ушуга байланыштуу Салык кызматы ири бизнес өкүлдөрүн ишти бөлүү, жалган келишимдер аркылуу салык төлөөдөн качууга багытталган схемалардан алыс болууга чакырды.

Exit mobile version