Site icon Reporter.kg

Салыкты убагында төлөбөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт

Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салыктарды төлөбөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта аталган минстрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 2-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын төлөө зарыл. Эгер салыкты төлөө убагынан кечигип калган унаа, турак-жай ээлери айыпка жыгылат.

«Мыйзамга ылайык, салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат», — деп жазылат маалыматта.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Exit mobile version