Самара Каримованын күйөөсү Оштогу резиденцияга жетекчи болдубу?

Самара Каримованын күйөөсү Оштогу резиденцияга жетекчи болдубу?

Ырчы Самара Каримованын күйөөсү Асан Мансуров Ош шаарындагы мамлекеттик резиденцияга директор болгону айтылууда. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады. Ушундай эле маалымат социалдык тармактарга  дагы жарыяланууда.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетовдун жардамчысы Адилет Бейшеналиев байланышканыбызда, маалыматты тастыктаган жок.

“Азырынча чечим чыга элек. Ал кишинин жана башкалардын талапкерлиги каралууда. Качан чечилет белгисиз”, – деди Бейшеналиев.

Ал эми Асан Мансуров менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Белгилей кетсек 4-ноктябрда өткөн парламенттик шайлоодо Асан Мансуров «Биримдик» партиясына жан тартып жүргөнү айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>