Site icon Reporter.kg

Самарканд КМШнын маданий борбору болот

Өзбекстандын Самарканд шаарында КМШнын маданий борбору болот. Бул тууралуу кечээ Бишкекте өткөн уюмдун жыйынында чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, КМШга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын кеңешине Садыр Жапаров, Владимир Путин, Илхам Алиев,  Александр Лукашенко, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаев катышты.

Уюм 1991-жылы үч өлкө ортосунда түзүлүп, кийин анын курамы 12ге кеңейген. 2009-жылы Грузия, 2016-жылы Украина, 2022-жылы Молдова келишимди токтотот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version