Бишкек шаарынын “Алга” футболдук клубунун жаңы башкы машыктыруучусу болуп буга чейин Кыргызстандын жаштар курама командасын (U-17) жетектеп келген Самат Сүймалиев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Самат Сүймалиевдин айтымында, машыктыруучулардын курамында да анча-мынча өзгөрүүлөр болгон.
Руслан Жаныбеков клубда дарбазачылардын машыктыруучусу, ал эми Бакай Зайырбеков машыктыруучунун жардамчысы болуп иштейт.
Сүймалиевдин келишими 2023-жылдын сезону аяктаганга чейин, дагы да узартылышы мүмкүн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз