Site icon Reporter.kg

Самыйкожо президентти чек ара боюнча жооп берүүгө чакырды

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо президентке, элге жана депутаттарга кайрылуу жасады.

“Мен бүгүнкү жана эртеңки боло турган учурларды эске салып, парламент жөнүндө оюмду айтып президентибиз менен элге кайрылып коюуну туура көрдүм. Парламенттин үстүндө эл менен кудай гана турат. Азыркы турушубузда парламенттин кудайлары көбөйүп бара жатат, парламенттин төрүндө тайраңдап, өз билгендерин кылып, жоо жакадан алып турганда жоо менен эмес парламент менен кармашканга өтүп жатышат. Аны азыр дагы бир кесиптешибиз ачыктап, айтып берди. Ансыз деле жал-куйругу кыркылган парламентти ого бетер басынтып жаман көрсөтүү аракетин кылышып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү”, — деп баштады өз кайрылуусун депутат.

Ошондой эле, ал: «Эч ким эч качан, эч кимдин этегине намаз окубашы керек. Биз элдин ырысы менен келечегинен корколу»,  — деди.

Депутат Баткенде болгон каргашалуу окуяларга жооп берип, жоопкерчилик алынуусу керек экенин айтты. Мындан тышкары ал президентти элдин үмүтүн актап, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version