Site icon Reporter.kg

Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайрадан түзүлдү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында санариптик өнүктүрүү министрлигин министрлер кабинетинин түзүмүнө киргизүү каралган.

Бөлүмдү Дастан Догоев жетектейт. Ал жамаатка тааныштырылды.

Exit mobile version