Санавиациянын атайын учактары кимге жана эмне үчүн Бишкеке келди?

Санавиациянын атайын учактары кимге жана эмне үчүн Бишкеке келди?

“Манас” аэропортуна санавиациянын  бир канча атайын учактары учуп келишкен. Бул туураалуу  «Твиттердин» кыргыз колдонуучулары жазып жатышат.

Алардын айтымында, Нюрнбергден учуп чыккан учак, кечээ түнү Бишкеке конгон.


Ал эми дагы бир колдонуучунун айтымында, Бомбардье 604 учагы атайын COVID-19 менен ооруган бейтаптыарды ташый турган учак.

“Эки бейтапка, эки жүргүнчүгө ылайыкталган учак. Бортто эки медкызматкери бар. Жасалма дем алуучу аппараттар, концентраттар жана башка керектүү чоң жабдуулар менен камсыздалган”, — деп жазган.


“Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясына карата Кыргызстан эл аралык каттамдарды токтоткон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>