“Манас” аэропортуна санавиациянын бир канча атайын учактары учуп келишкен. Бул туураалуу «Твиттердин» кыргыз колдонуучулары жазып жатышат.
Алардын айтымында, Нюрнбергден учуп чыккан учак, кечээ түнү Бишкеке конгон.
Продолжая тему частных самолетов во время чумы.
За кем или к кому летит этот бомбардиер? Аж из самого Нюрнберга
Уже садится в Манас. pic.twitter.com/7ifpOTEYSF
— Kanatbek Sh. (@KanatbekS) July 6, 2020
Ал эми дагы бир колдонуучунун айтымында, Бомбардье 604 учагы атайын COVID-19 менен ооруган бейтаптыарды ташый турган учак.
“Эки бейтапка, эки жүргүнчүгө ылайыкталган учак. Бортто эки медкызматкери бар. Жасалма дем алуучу аппараттар, концентраттар жана башка керектүү чоң жабдуулар менен камсыздалган”, — деп жазган.
Это не просто джет. Авиакомпания оператор, помимо бизнес-джетов, занимается санавиацией, т.е. типа самолет скорая помощь. Этот Бомбардье 604 специально оснащен для перевозки больных ковид-19. https://t.co/ZiXS8A1d0w
— ATLANT (@kg_atlant) July 6, 2020
“Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясына карата Кыргызстан эл аралык каттамдарды токтоткон.