Убактылуу иштөө режими киргизилгенден бери Санитардык-экологиялык инспекциянын (СЭИ) инспекторлору 1 миллион 477 миң сомго 339 протокол түзүштү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн дем алыш күндөрү 15-16-августта инспекторлор 90го жакын ишкердик субъекттерин текшерип, Бузуулар жөнүндө Кодекстин 293-беренеси боюнча 12 протокол түзүшкөн. Айып пулдун суммасы 46 миң сомго жетти.
Белгилей кетсек, пандемия шарттарын бузгандардын арасында: «Кайнар», «Палазио», «Сары Өзөн» ресторандары, «Абстракт» кафеси, ошондой эле Киев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Народный» супермаркети, «Даамдуу» тез тамактануучу жайы бар.
Мындан ары дагы санитардык рейддер улантылат.