Site icon Reporter.kg

Санкт-Петербургда кыргыз жана өзбек жарандары мушташты

Санкт-Петербургда Кыргызстан менен Өзбекстандан келген мигранттар мушташты. Бул тууралуу жергиликтүү медиа жазды.

Маалыматка караганда, 29-июнь күнү мигранттар ортосунда чыр чыгып, бычакташып кетишкен. Өзбекстандын 2 жараны, Кыргызстандын бир жараны жабыркап, ооруканага түшкөн.

Мушташка катышкандарды полиция кармады.

Exit mobile version