Site icon Reporter.kg

Санкт-Петербургда кыргызстандык мигранттар массалык түрдө ууланды

Санкт-Петербургда кыргызстандык мигранттардын массалык уулануусу болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Петроград районундагы жатаканалардын биринде Кыргызстандын 30га жакын жараны ичеги-карын инфекциясына чалдыкканы аныкталган. Алардын баары Боткин ооруканасына жаткырылды. Роспотребнадзор жатаканадан суунун жана тамак-аштын үлгүлөрүн экспертизага жөнөттү.

Милицияга Адмирал Лазарев көчөсүндөгү жатаканадан Боткин атындагы ооруканага Кыргызстандын 27 жараны жаткырылганы жана алардын бардыгы «Прайдекс» ЖЧКсынын жумушчулары экендиги маалымдалган.

Жарандар ичеги-карын инфекциясынын белгилери менен ооруканага жаткырылды, абалы канааттандырарлык жана орточо оор деп бааланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version