Site icon Reporter.kg

Санкт-Петербургдан келген 10 кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген 10 дамдын анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  17-май күнкү брифинг учурунда билдирди.

“Алардын баары аскер лицейинде окуган курсанттар болгон. Алар чурда дарыгерлердин көзөмөлүндө кармалууда”, – деди Үсөнбаев.

17-майга карата  21 адамдан коронавирус табылып, жалпы 1138 адам бул ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 14 адам илдетен улам каза болсо, 804 адам сакайып чыккан.

Exit mobile version