11-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угууларды өткөргөн. Анын жүрүшүндө Санжар Абакировго сөз берилип жатып, аны “Соода-өнөр жай палатасынын Инвестициялар боюнча комитетинин төрагасы” деп тааныштырышкан. Бул жаңылыштык деп Соода-өнөр жай палатасы тактоосун киргизди.
Алардын тактоосунда, Санжар Абакиров КРнын СӨПнүн Инвестициялар боюнча комитетинин төрагасы эмес жана эч качан төрагасы болгон эмес. Ал гана эмес, Санжар Абакиров Палатанын мүчөлүгүнө кирбейт.