Site icon Reporter.kg

Санжарбек Болотов экономика министринин орун басары болду 

Болотов Санжарбек Бактыбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Болотов буга чейин министрликте ар кандай кызматтарды аркалап, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборун да жетектеп келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version