Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго издөө жарыяланды

Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго издөө жарыяланды

Парламенттик шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыгарылган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, аталган адамдар жазасын өтөп жаткан жайга кайтып келишкен эмес.

Белгилей кетсек, шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчы абактан чыгып кетип кайра кармалышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>