Site icon Reporter.kg

Сапар Исаков Молдовановкадагы абакка которулду

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесине которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымдашты.

Исаков Жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык которулган. Ал буга чейин Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагында болчу.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу күнөөлү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди ушул жылдын 23-мартында Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова чыгарган. Мындан тышкары Улуттук тарых музейди жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иш боюнча 18 жылга кесилген.

Exit mobile version