Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди

Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирген.

Жактоочу журналисттерге маалымат берип жатып,  Исаковду күч менен алып келүүдө мыйзам бузулганын белдирген.

24-октябрда өткөн ЖЭБге байланышкан кылмыш иштин алкагындагы соттук отурумга Сапар Исаков келүүдөн баш тарткан. Муну ал айрым күбөлөрдүн суралбай жатканына нааразылык деп түшүндүргөн. Мындан улам Свердлов райондук сотунун судясы мурдагы премьер-министрди соттук отурумга күч менен алып келүү тууралуу чечим кабыл алган.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишке байланыштуу 2018-жылдын июнь айынан бери УКМКнан убактылуу кармоо жайында кармалып келет.

Сүрөт: azattyk/Эрнис Нурматов

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>