Site icon Reporter.kg

Сапар Исаковдон жана Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардан коронавирус табылган жок

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин №1 тергөө абагындагы бир нече тарапташы коронавируска  ПЧР тест тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, 12-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, саясатчы Равшан Жээнбеков, президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев,  мурунку президенттин жансакчысы Канат Сагынбаев жана Фархат Баабиев  Карыпбек уулу Рысбек, Канат Осмоналиев коронавируска анализ тапшырышкан. Жыйынтыгында баарынын анализдери таза чыккан.

ЖАМК тергөө №1 абагында абал туруктуу экенин кошумчалап,  кооптонууга негиз жок экенин билдирди.

Буга чейин Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Канат Сагынбаев дене табы көтөрүлүп жатканын айтып,  №1 тергөө абагында коронавирус бар-жогун текшерип чыгууну талап кылган.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Калгандары Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып кармалышкан.

Exit mobile version