Site icon Reporter.kg

«Сапат» окуу жайларынын «Маариф» фондуна өткөнү күтүүсүз болду»

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Түркиянын «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөрүлгөнү анда окуган окуучулар менен студенттер, алардын ата-энелери, мугалимдер жана техникалык кызматкерлери үчүн бул чечим күтүүсүз болду. Бул тууралуу аталган билим берүү мекемесинин «Фейсбуктагы» баракчасында айтылат.

«Сапат» мекемеси билдиргендей, алар түзүүчүлөрдүн курамы алмашканын Юстиция министрлигинин сайтынан көргөн.

«Бул чечимди кабыл алып жатканда, бардык юридикалык, укуктук маселелердин эске алынгандыгына ишенбиз», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кесек, «Сапат» билим берүү мекемеси Түркиянын «Маариф» фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болду. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, «Сапат» 30-декабрда кайра каттоодон өтүп, негиздөөчүлүрдүн катарына «Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары» акционердик коому менен Түркиянын «Маариф» фонду кошулган. Андан тышкары негиздөөчүлөрдүн арасында Кыргызстандын Билим берүү министрлиги бар.

31-декабрда өкмөт расмий билдирүү таратып, анда «Сапат» Түркиянын «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөнүн ырастаган.

2016-жылы июлда Түркияда төңкөрүш аракети болгон. Түркиянын бийлиги бул ишке АКШда бозгунда жүргөн диний ишмер Фетхуллах Гүленди айыптап, анын «Хизмет» кыймылын ФЕТӨ («Фетхуллахчы террор уюму» деп чечмеленет) террордук уюму деп жарыялаган.

Аталган окуядан кийин Түркия «Себат» (азыркы «Сапат») окуу жайлары Гүлендин тарапташтарына тиешелүү деп, Кыргызстандан аларды жабууну талап кылган. Бирок Кыргызстан андан баш тарткан. Ошол эле учурда «Себаттын» аты «Сапат» болуп өзгөртүлүп, анын негиздөөчүлөрүнүн катарына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кирген.

Фетхуллах Гүлен 2024-жылы октябрда көз жумган.

Түркия Кыргызстанга «ФЕТӨгө» тиешелүү деген адамдарды» аларга өткөрүү, «Сапат» лицейлерин жабуу, ага таандык мүлктү «Маариф» фондуна берүү боюнча бир нече кайрылуу жасаган.

2021-жылы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мурдагы президенти Орхан Инанды Бишкекте уурдалып, кийин Түркиядан табылган. Түркиянын соту аны 21 жылга абакка кескен.

2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн «Маариф» фонду башка өлкөлөрдө «Хизмет» кыймылы тарабынан ачылган окуу жайларды колго ала баштаган. 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектеби ачылган.

«Сапаттын» билим берүү мекемелерине Кыргызстанда 16 лицей, 12 башталгыч мектеп, 2 эл аралык мектеп жана «Ала-Тоо» университети карайт.

Өкмөт «Сапат» Түркиянын «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөнүн билдирди

Exit mobile version