Site icon Reporter.kg

Сапсёрфинг Кыргызстанда: Сап тебүүгө кызыккандар көбөйдү

Сапсёрфинг же сапбординг көпчүлүк билген серфингдин бир түрү. Анда серфингден айырмаланып, сууда жүрүү үчүн адам калак колдонот. Сапсёрфингдин спорт катары пайда болгонуна көп деле убакыт боло элек. Ал эми Кыргызстанга суудагы спорттун бул түрү жаңыдан келүүдө.

Сапсерфингдин жаралганы жана алгачкы мелдеш өткөн жылдар тууралуу ар түрдүү маалыматтар айтылат. Бирок 1960-жылдары эле серферлер толкун күтүп калганда тактайларына отуруп, калак менен сүзүп убакыт өткөрүп, чер жазышчу. Ошентсе да сапбординг спорт түрү катары 2000-жылдардын башында пайда болду. Бара-бара ага кызыккандардын саны артып, 2003-жылы сапбординг боюнча алгачкы мелдеш өткөн (айрым маалыматтарда 2004-жылы экени айтылат). Ал эми 2005-жылы Калифорнияда (АКШ) Сапсерфинг федерациясы түптөлгөн. Учурда дүйнөдө сапбординг боюнча ири фестивалдар, мелдештер өткөрүлүп, атайын дүкөндөрдө керектүү шаймандар да кеңири сатылат.

Сапсёрфинг Кыргызстанда

Бүгүнкү күнү бул спорттун түрү Кыргызстанга жаңы келип, ага кызыккандар арбын. Спорттун бул түрүн Кыргызстанда жайылта баштагандардын катарында “Оlolo” компаниясы бар. Алар бул ишке былтырдан тарта киришкен. Учурда “Оlolo” компаниясы сапсёрфингди Ысык-Көлдө иштетүүдө. Алардан тышкары Ысык-Көлдө сап-борддорду ижарага берген башка да жерлер бар.

Колуна калак кармап, сууда сүзүүнү каалагандар үчүн “Ololo’до сап-борддорду ижарага алуу 30 мүнөткө 500 сом, саатына 1 миң сом турат. Ал эми бир күнгө 4 миң сомго алса болот.

Андан тышкары “Intourists” туристтик компаниясы сап-борддор менен сууда сүзүүнү каалагандар үчүн Бишкектен Ысык-Көлгө бир күндүк тур уюштуруп келет. Турлар дем алыш күндөрү уюштурулуп турат.

Уюштуруучулардын айтымында, учурда суудагы спорттун бул түрүнө кызыккандардын саны өсүп жатат.

Алар каалоочуларды шаардан эртең менен алып кетип, кечинде кайра алып келет. Бир күн ичинде жолго кеткен убакытты эске албаганда эс алууга баргандар 2 саат сап-борд тээп, 2-3 сааттай көл жээгинде эс алышат.

Бул кызматтын баары 2400 сом турат. Бул баанын ичинде 2 саат сап-борд тебүү, жилет, коопсуздук арканы, телефон салганга суу өткөрбөй турган куржун бар. Эс алганы баргандар жанына тамак-ашын, суусун, кийим-кечесин жана башка өзүнө керектүү оокаттарын ала барышы керек.

Коопсуздук эрежелери

Сапсерфинг көптөр билген серфингден айырмаланып коопсуз спорт десе болот. Ошентсе да сапсерфингде коопсуздук эрежелери сакталбай койбойт. Сууга түшөрдүн алдында тиешелүү адис сап-бордду кантип тебүү керектигин жана коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп берет. Биринчиден ар бир адамга куткаруучу жилет, коопсуздук арканы берилет. Аркан бир учунан адамга экинчи учунан сап-бордго байланып, адам сап-бордду коопсуздук жилетин кийип тепкендиктен, сууга кулап, чөгүп кетем деп кам санабай эле койсо болот. Сап-бордду отуруп же тизеге туруп тебүүгө болгондуктан жана ал адамдан ашыкча өнөр-шыкты талап кылбагандыктан үйрөнчүктөр да сап-борд тебүүнү бат эле өздөштүрүп кетет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version