Кечээ, 20-майда Чүй облсунун Ысык-Ата районундагы Буденов айылында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 3 жашар бала жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, учурда наристенин абалы туруктуу.
Мындан тышкары тилсиз жоонун кесепетинент 10 бука, 1 жылкы жана миң түк чөп күйүп кеткен.
Өрттүн жалпы аянты 250 миң чарчы метрди түзгөн. Өрт толук өчүрүлүп, турак үйдү каптоодон сактап калышкан.