Сарайдан 90 миң сомдук атты жетелеп кеткен 4 бала кармалды  — сүрөт

Сарайдан 90 миң сомдук атты жетелеп кеткен 4 бала кармалды  — сүрөт

Чүй облусунда мал уурулукка шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Чүй районунун Искра айылынын тургуну анын сарайынан атын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айтып милицияга арыз менен кайрылган.  Муну менен кылмышкерлер ага 90 миң сом зыян келтиргендигин билдирген. 

Мунун менен катар эле Чүй районунун дагы бир тургуну эки уюн уурдап кетишип, ага 120 миң сом материалдык зыян келгенин айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

Ыкчам-издөө иш – аракеттеринин жүрүшүндө аймактык милиция кызматкери шектүү катары 4 адамды кармаган. Алардын бири 20 жашта болсо, калган үчөө 19 жаштагы балдар болгон.    

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш ачылган. 

[su_image_carousel source=»media: 49483,49484,49485,49486″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>