Site icon Reporter.kg

Сарыбашов: Ошто 7 тармактын ишин жандандырууга уруксат берилди

Бүгүнкү күндөн тартып Ош шаарында 7 чөйрөдөгү кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилди. Бул тууралуу калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов маалымдады.

Өнөр жай ишканалары;
Курулуш тармагы;
Транспорт каражаттарын оңдоо жана тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү;
Жеке нотариустар;
Соода-сатык тармактары;
Чач-тарач, сулуулук салондору;
Уюшулган такси кызматтары.

Эске салсак, белгиленген бардык чөйрө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып баруусу керек.

Exit mobile version