Site icon Reporter.kg

Сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды

2024-жылдын 22-январынан 28-январына чейин Кыргызстанда 8 миң 89 сасык тумоо жугузгандар катталды. Алардын  68,6 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Ооругандардын саны 13 пайызга азайды.

Департаменттин маалыматында, 2023-жылдын октябрь айынан тарта А/ H3N2 же “Гонконг” вирусу таркап жатат.

Эпидемиологиялык абал айрыкча Бишкек шаары, Чүй жана Ош облусунда курч.

COVID-19 инфекциясынын  аптада 5 учуру катталды.

COVID-19, «Гонконг» вирусу. Сасык тумоо кайра күч алууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version