Сасык тумоого каршы жасалган эмдөө COVID-19 оорусунан коргойбу?

Сасык тумоого каршы жасалган эмдөө COVID-19 оорусунан коргойбу?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөн адамдар COVID-19 оорусун жакшы көтөрөт же жеңил формада ооруйт деген маалыматты тастыктабайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Сасык тумоонун алдын алуучу вакцина грипптин вирусуна каршы иммундук системаны бекемдеп, коронавирустан коргобойт. Бирок сасык тумоого каршы эмдөө COVID-19 пандемиясынын алкагында жасалышы кажет. Анткени эки вирус тең өпкөнүн клеткаларына зыяндуу жана пневмонияга алып келери анык.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>