Site icon Reporter.kg

Сатып жаткан унааны 5 мүнөткө камсыздандыруунун кереги барбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев унааны сатып жатканда, ОСАГО полиси болушу керек деген норманы жокко чыгарууну сунуштады.

Анын айтымында, учурда унаасын сатып жаткан адам да, аны алып жаткан киши да ОСАГО полисин алууда.

«Бул туура эмес. Сатып жаткан унааны 5 мүнөткө камсыздандыруунун кереги барбы. Менимче кереги жок. Бул жөн гана камсыздандыруу компанияларынын бизнеси. Мамлекетке бир да пайдасы жок. Муну жоюш керек. Ким унааны сатып алса, ошол киши камсыздандыруу жасашы керек», — деди депутат.

Exit mobile version