Сауд Арабия ажылык үчүн Кыргызстанга 6110 квота бөлдү 

Сауд Арабия ажылык үчүн Кыргызстанга 6110 квота бөлдү 

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын (САП) ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман Машад менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет. Жолугушуу учурунда алар 2019-жылдагы ажылыкты талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушкан. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстандын 2019-жылы ажылыкты мыкты уюштургадыгын айтып,  өзүнүн «эң жакшы» деген баасын берген.Муну менен катар тараптар 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча пикир алышып, жаңы өзгөчөлүктөргө, САПтын ажылык министрлигинин электрондук системасы боюнча сүйлөшүшкөн.

Жолугушуунун соңунда  тараптар 2020-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, САПтын ажылык министрлиги кыргызстанга 6110 квота берилгендигин билдирген.

Эскерте кетсек, 30-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов баштаган бир топ адамдар Сауд Араб Падышачылыгын ажылык министрлигинин чакыруусу менен Мекке шаарына жөнөп кетишкен.

[su_image_carousel source=»media: 17535,17534,17536″ limit=»36″ slides_style=»photo» crop=»none»]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>