Site icon Reporter.kg

Сауд Арабиядан Кыргызстанга аба каттам ачуу пландалууда

Сауд Арабиядан Кыргызстанга аба каттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим Аль-Ради менен жолугушууда маалымдалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы алакалардын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча да ой бөлүштү.

Комитеттин төрагасы Улан Примов Сауд Араб Падышалыгы Кыргызстандын артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп: «Учурда эки тараптуу кызматташтык динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Алакаларыбызды ырааттуу жана туруктуу улантуу үчүн соода-экономикалык, инвестициялык жана туристтик багыттарга басым жасообуз кажет», — деди. Буга мисал катары эки өлкө ортосунда чоң соода-экономикалык потенциал бар экенин кошумчалады.

Муну менен катар Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Сауд Араб Падышалыгына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Улан Примов эки тараптуу түз аба каттамдарын ачуунун жана Кыргызстандын жарандары үчүн электрондук туристтик виза алуу шарттарын жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Парламенттер аралык кызматташуу маселеси тууралуу да сөз кылган комитет төрагасы: «Парламенттер ортосундагы түз байланыштар жана эки тараптуу иш сапарлар бардык актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүп, жалпысынан мамилелердин өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем», — деди.

Өз кезегинде элчи Ибрахим Аль-Ради эки өлкө ортосундагы алакалар жогорку деңгээлде экенин белгилеп:

«Акыркы жылдары бардык тармактарда кызматташуунун жакшы натыйжалары байкалууда. Жылдан жылга Сауд Аравиясынан Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүүдө», — деди.

Жакын арада аба каттамдарын ачуу пландалып жатканын, бул дагы өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө жагымдуу шарттарды түзөрүн кошумчалаган элчи жолугушуунун соңунда ар тараптуу кызматташтыкты арттыруу багытындагы ишмердүүлүгүн уланта берерин билдирди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version