Site icon Reporter.kg

Сауд өнүктүрүү фонду мектеп куруу үчүн Кыргызстанга $50 млн берүү маселесин карайт

Сауд өнүктүрүү фонду мектеп куруу үчүн Кыргызстанга 50 млн доллар берүү маселесин карайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун фонддун аткаруучу директору Абдурахман Аль-Маршад менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Жолугушуу Эр-Рияд шаарында өткөн. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик ипотекалык программасынын алкагында турак үйлөрдү куруунун экинчи баскычы үчүн каржылоону көбөйтүүнү сунуштаган.

Абдурахман Аль-Маршад фонд кызматташууну арттырууга даяр экенин айтып, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантуу ниетин ырастаган.

Ал фонд Кыргызстанга 38 мамлекеттик мектеп куруу үчүн 50 млн доллар берүү маселесин карай турганын билдирген.

Жапаров фонддун жетекчисин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров Сауд Арабияда иш сапары менен жүрөт. Ал Ислам кызматташтык уюмунун саммитине катышат.

 

Exit mobile version