Site icon Reporter.kg

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

«Апрель» коомдук бирикмесинин төрагасы, саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди.

БШК билдиргендей, Баетаев талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн.

Белгилей кетсек, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, «Аурдин» компаниясынын директору Арстанбек Абдылдаев, экономикалык эксперт Кубан Чороев жана «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти Назарбек Нышанов, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов арыз берген.

Exit mobile version