Саясатчы Равшан Жээнбеков коронавирус жуктуруп алууга шектелип жатат

Саясатчы Равшан Жээнбеков коронавирус жуктуруп алууга шектелип жатат. Бул тууралуу саясатчынын жактоочулары билдирди. Бүгүн, 14-апрелде Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болду. Отурумга Жээнбеков келген жок. Анын жактоочулары судьяга саясатчы ооруп жатканы тууралуу маалымкат тапшырышып, экс-депутат коронавирус жуктуруп алган белгилер болуп жатканын айтышты.