Site icon Reporter.kg

Саясатчы Жеңиш Молдокматов Садыр Жапаровго кайрылды (видео)

Оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов президент Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылуусун ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анда ал: «Тилекматтын түрмөдө отурганына 1,5 жыл болду. Президенттин аброюна шек келтирди деген жөө жомок токулду. Ушул күнгө чейин соту болбой келет. Ошол эле сиздин жакын адамыңыз Алымкадыр Бейшеналиевге 7 айып тагылып, бүгүн ал үй камагына чыкты. Досуңуз Курманкул Зулушев четтетилген кызматына кайтып келди. Алексей Ширшов дагы камактан бошотулуп кетти. Тилекмат эмне күнөө кылды? Ачык айтканы үчүнбү? Анын апасынын жүрөгү кармап, бүгүн Улуттук кардиология бөлүмүнө жаткырылды. Апасына бир нерсе болсо, Садыр Жапаров сиз жооп бересиз!», — деп билдирген.

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу Фейсбуктагы  баракчасындагы билдирүүсүндө «Бийликти кулатууга чакырыктар бар» деген негиз менен ушул жылдын 15-мартында кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Exit mobile version