Саясатчылардын биригүүсү тууралуу Эмил Жураев эмне дейт?

Саясатчылардын биригүүсү тууралуу Эмил Жураев эмне дейт?

Бир топ саясатчылардын “Ата-Мекен” партиясынын алдына биригишин  позитивдүү кабыл алуубуз керек. Мындай пикирди саясат таануучу Эмил Жураев “Репортерго” билдирди.

Жураевдин айтымында, шайлоо алдында бул сыяктуу биригүүлөр сөзсүз түрдө болушу зарыл. Антпесе добуштар ондогон топторго бөлүнүп, жыйынтыктуу өзгөрүүлөр болбойт.

“Бирок мурдатан келе жаткан “Ата-Мекен”, “Ак-Шумкар” партияларына, жаштардын көңүл буруусуна ээ болгон КЛДП партиясынын же жаштардын кошулганы көптөрдүн нааразычылыгын туудурушу мүмкүн. Бирок саясий күчтөр эч ким менен бирикпесе анда реалдуу өзгөрүүлөр дагы болбойт, ошону түшүнүүбүз керек”, – деди ал.

Ал эми тажрыйбалуу саясатчылар менен жаштардын биригишин адашуу катары кароо туура эместигин белгилеп өттү.

“Ата-Мекен» партиясы өзүнүн тарыхый жолунда көптөгөн жылдар бою бийликке оппозиция катары, саясий коопту маселелерде талаштуу пикирде болуп келгени белгилүү. Ал эми “Ак-Шумкар” партиясы тууралуу сөз башка. Темир Сариев салмактуу саясатчы болгону менен, анын партиясы бир дагы жолу өз алдынча шайлоодо жеңишке жеткен эмес. Жанар Акаев баштаган жаш саясатчылар такшалып калган саясатчылардын алдында жок болуп кетет деп коркпош керек. Алардын эски саясатчыларга кошулушу адашкандык же алдангандык эмес, бул ошол саясатчылардын чечимдери. Буга объективдүү баа берүүгө үйрөнөлү”, – деди Жураев.

Саясат таануучунун пикиринде, буга чейинки айрым партиялар сыяктуу булар дагы биригип кайра ажырап кетпеши үчүн саясий идеялардын үстүндө иштеши керек.

«Бул жаңы саясий топтун буга чейинки айрым партиялар сыяктуу биригип андан соң бөлүнүп кетпеши үчүн алар өздөрүнүн саясий багыттарын, идеяларын  ачык түрдө элге тартуулап, ошонун негизинде иштеп жатканын көрсөтүп турушу зарыл. Бүгүнкүдөй кол кою, сүрөткө түшүү менен чектелип калбашы керек. Эгер активдүү аракет жок болсо анда саясий көз караштардын төп келүүсү дагы болбойт. Анда алар бат эле тарап кетет”, деди Жураев.

Белгилей кетсек, бүгүн 5-июлда Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков сыяктуу бир топ саясатчылар «Жаңы дем» деген ураан алдында “Ата-Мекен” партиясынын алдына биригишип, шайлоого бирге аттанарын жарыялашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>