Site icon Reporter.kg

Саясатта дагы бир үй-бүлө. Сурабалдиева менен Карашев куда болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эльвира Сурабалдиеванын иниси эл өкүлү Аалы Карашевдин кызына баш кошту. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булак билдирди.

Өздүк булактын маалыматына ылайык, жаштардын үйлөнүү тою өткөн дем алыш күндөрү болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Reporter.kg  министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун уулу Асылбек Жээнбековдун кызына үйлөнгөнүн жазган.

«Саясий сүйүү»: Жапаровдун уулу Жээнбековдун кызына үйлөнөт

Exit mobile version