Site icon Reporter.kg

Саясий кызматтардагы аял жетекчилер эркектерге караганда азбы?

Чечим кабыл алуу деңгээлиндеги жетекчи аялдардын саны эркектердикине караганда азыраак. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын башында мамлекеттик башкаруу тармагында эркектер үстөмдүк кылган (мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынын 39% аялдар, 61% эркектер). Алардын ичинен саясий жана атайын кызматтарда мырзалар көбүрөөк. Аялдар 24%, эркектер 76%ды түзөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келсек, муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын 37% гана аялдар. Мамлекеттик органдардын ичинен Мамлекеттик каттоо кызматында (69%), Улуттук статистикалык комитетте (73%) жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде (72%) аялдар көбүрөөк. 2021-жылдын башында Жогорку Кеңештин 120 депутатынын ичинен 20 гана депутат же 17% аялдар болгон.

Exit mobile version