Site icon Reporter.kg

Сейфтен 5,2 млн сомдун уурдалышы: Шектүү депутат кармала элек

Ысык-Көлдө 5 млн сомдун уурдалышы боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, иш Тоң райондук сотуна былтыр жыл аягында жөнөтүлгөн. Аталган окуя боюнча үч шектүүнүн экөөсү кармалган.

Үчүнчү шектүү азырынча кармала элек, ал издөөдө жүрөт. Буга чейин үчүнчү шектүү Каракол шаарынын 27 жаштагы К.М. аттуу тургуну, шаардык кеңештин депутаты экени кабарланган.

Эскертке кетсек, 2022-жылдын 17-ноябрында Тоң райондук милициясына Каракол шаарынын 43 жаштагы К.Э. аттуу тургуну кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 02:00до Каракол  — Бишкек багыты боюнча каттаган автобустан 5,2 млн сом акча уурдалганын билдирген.

Маалым болгондой, уурулук автобус Боом капчыгайындагы кафелердин бирине токтоп турган учурда болгон. Айдоочу менен жүргүнчүлөр кафеге тамактанганы барганда, белгисиз адамдар учурдан пайдаланып, автобустун ичинде жайгашкан жашыруун сейфти ачып, конверттердеги (53 даана) 5 млн 200 миң сомго жакын акчаны уурдап кетишкен. Арыздануучунун айтымында, уурдалган акчаны Каракол шаарынын тургундары Бишкек шаарындагы тааныштарына берип жиберген.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Каракол шаарынын 19 жаштагы тургундары В.И. жана Ю.Р. кармалган. Ошондой эле шектүүлөрдүн үчүнчүсү Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну, шаардык кеңештин депутаты, эл аралык издөөгө алынган К.М. болгон.

Кармалгандардын айтымында, алар мурда автобустарда жүктөгүч болуп иштешкен жана бул автобустагы жашыруун сейфте, кээде, Каракол шаарындагы ишкерлер тарабынан Бишкекке товар алуу үчүн которулган акча ташыларын билишкен. Натыйжада В.И. жана Ю.Р. акча уурдоо планын ишке ашырууну шаардык кеңештин депутаты К.М.га сунуштап, ал макулдугун берген. Шектүүлөр кармалгандан кийин жабырлануучуларга уурдалган акчалары кайтарылган.

Милиция издөөдө жүргөн 27 жаштагы К.М.нын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды 0703 937 656, 0556 898 966, (03922) 5 45 50 же 102 телефондору аркылуу кабар берүүсүн өтүнөт.

Ысык-Көлдө автобустун сейфинен 5,2 млн сом уурдап кетишти. Шектүүлөрдүн бири депутат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version