Сейрек кездешчү жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга 10 жыл тыюу салынат

Сейрек кездешчү жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга 10 жыл тыюу салынат

Сейрек кездешчү жапайы жаныбарлар четинен жок болуп жатат, ал эми аларды кайра калыбына келтирүү үчүн ири көлөмдөгү каражат талап кылынат. Мындай пикирин бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Экмат Байпакбаев билдирди.

Жыйында «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Депутаттар тобу 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында төмөнкү жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда: аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз.

Демилгечилердин бири Экмат Байбакпаевдин айтымында, ушу тапта өлкө аймагында аӊчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ишкердик менен 52 юридикалык жак алектенет, анын ичинде 42 жеке менчик аӊчылык фирма, 9 коомдук чарба жана 1 мамлекеттик мекеме бар.

“Аӊчылык жерлердин жалпы аянты – 14,4 млн га, анын ичинен мамлекеттик жерлер – 7,2 млн га, коомдук жерлер – 3,2 млн га, жеке менчик жерлер – 4 млн га. Бул мыйзамды ишке ашырууга баш-аягы 1 млрд сомго жакын каражат талап кылынат экен. Жандуу жаратылыш менен жапайы жаныбарларды сактап калуу үчүн каражатты аябаш керек, аны бюджеттен же фонддордон караштырса болот”, — деди эл өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>