Сейтек Качкынбай: Бизди эки максат бириктирди

Сейтек Качкынбай: Бизди эки максат бириктирди

Кыргыз Либерал-демократиялык партиясынын тең төрагасы Сейтек Качкынбай саясий күчтөрдүн жаңы топко бириккени тууралуу “Репортерго” кыскача түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, тажрыйбалуу саясатчылар менен прогрессивдүү жаштарды негизги эки максат бириктирген.

“Биринчиден идеялогиялык көз караштар себеп болду.  Анткени баарыбыз либералдык, демократиялык баалуулуктарды карманабыз жана заманбап мамилекет куралы деген максатыбыз бар. Аларга Децентрализация маселеси, облустарды жоюу жана мамлекеттик мекемелерди кыскартуу ж.б тармактарда реформа жасоо боюнча көз караштарыбыз дал келип олтурат.

Экинчиси ― шайлоодогу пайыздык босого. Анткени 7 пайыздык босогодон өтүү үчүн 140 миңдей добуш алуу керек. Бул аябай чоң. Эгер 118 миң добуш алсаң, ара жолдо калуу коркунчу жогору. Дал ушул коркунучтарды азайтуу үчүн кызматташууну максат кылдык.

Алдыда дагы эки-үч партия менен сүйлөшүүлөр  болуп жатат. Алардын ички саясий кеңешиндеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан кийин баары белгилүү болот”, — деди Качкынбай.

Белгилей кетсек, бүгүн 5-июлда Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков сыяктуу бир топ саясатчылар «Жаңы дем» деген ураан алдында “Ата-Мекен” партиясынын алдына биригишип, шайлоого бирге  аттанарын жарыялашты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>