Сейтек Качкынбай: Текебаев кийинки талапкерлерди депутат кылып, эл көзүнө таанытууну көздөгөн

Сейтек Качкынбай: Текебаев кийинки талапкерлерди депутат кылып, эл көзүнө таанытууну көздөгөн

Алмамбет Шыкмаматовдун партиядан кетип, мандатын тапшырышы боюнча саясат таануучу Сейтек Качкынбайга кайрылып, пикирин сурадык.

Саясат таануучу “Ата-Мекендин” айланасында болуп жаткан окуяларды төмөндөгүчө чечмелеп берди.

“Бул көрүнүштү бир жактуу эмес эки-үч жактан кароо керк. Биринчиси:  Текебаев тизмедеги эки үч адамды шайлоого чейин депутат кылып, эл көзүнө көрсөтүп иштетип алууну көздөсө керек. Анан да, тизмедеги талапкерлерге “силерди депутат кылам” деп сөз берип алса керек. Жакында эле ал маек берип, “мен 12 адамды бир тыйын албай туруп депутат кылгам, бирок алардын бири дагы мен камакта жатканда ал жөнүндө айтышкан жок” деп айтканы бар.

Мына ушундан улам ал айрым депутаттарга кайрылып, тизмедеги кийинки талапкерлерге орун бошоткула деп жакшы ниетте айтса керек. Бирок экинчи тарап муну оор кабыл алган болушу мүмкүн.

Экинчи жагы:  Шыкмаматов партия лидери менен келише албай калаганда ачыгын айтып мандатты да тапшырып, партиядан да чыкса керек. Мындай көрүнүштөрдүн болуп турганы жакшы.  Буга чейин депутаттардын фракцядан чыгып, бирок мандатын сактап калган учурлары болуп келген. Шыкмаматов деле мандатын сактап калса болмок. Бул жаман-жакшы деген моралдык баа эмес. Ошентсе да биз барын кошо тапшырып кеткен кубулушту көрбөй жатканбыз. Ал эми Шыкмаматовдун “эч кимди кумир тутпоо керек” деп айтканы да жакшы көрүнүш”, — деди Качкынбай.

Белгилей кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Алмамбет Шыкмаматовдун өзү берген арызына ылайык, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Шыкмаматовдун партиянын катарынын чыгышына Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей калганы себеп болгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>