Кыз-келиндер интернетте онлайн зордук-зомбулуктан улам, өзүн-өзү чектөөгө аргасыз болушат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун баяндамасында айтылат.
Атайын сурамжылоого 700дөн ашуун респонденттер катышкан.
Онлайн мейкиндикте ар бир экинчи аял (48%) терс комментарийлерди жана троллингди козуткан деп айыпталган сексуалдык коннотацияга туш болушат. Алар киберкуугунтук (79%), сексуалдык асылуу, шантаж (68,3%), интимдик өч алуу (68,3%), басмырлоо (82,2%) го кабылат.
Аялдарга көбүнчө троллинг (43,9%), коркутуу же шантаж (39,7%), жек көрүү комментарийлери (37,6%) жазылат.
Анын кесепетинен кыздар ар кандай психологиялык жана эмоционалдык кесепеттерге (78,7%), айрыкча ачуулануу сезими (42,1%), ишенимдин төмөндөшү (41,5%), тынчсыздануу (38,7%) дуушар болот.
Сурамжылоонун жыйынтыгы аялдар жана кыздар жынысы боюнча санариптик зомбулукка дуушар болурун, онлайн мейкиндигинде гендердик теңсиздик бар экенин баса белгилейт.