Site icon Reporter.kg

Сексуалдык ыдык. Шектүүнү камактан бошоткон сот иштен алынды

Москва райондук сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбеков ээлеген кызматынан бошотулду, деп билдирет Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, А.Аскарбеков Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун атына аны кызматтан бошотуу боюнча арыз жазган.

Өз арызын “Ыплас аракеттер” беренеси боюнча айыпталган жаранга карата чыгарылган чечим коомчулукта резонанс жаратып, сот системасына карата сын пикирлер айтылганы менен байланыштырган. Ошондуктан А.Аскарбеков сот бийлигинин беделине терс таасирин тийгизерин эске алып, өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Жогорку соттун төрагасы анын арызын кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, А.Аскарбеков райондук сот кызматында кала берет.

Буга чейин Москва районунда өспүрүм кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн адам сот тарабынан үй камагына чыгарылган. 

Аталган окуя боюнча видео социалдык тармактарга тарагандан кийин Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы комментарий берген.

 

 

 

Exit mobile version