Site icon Reporter.kg

Сел жүрүшү мүмкүн! ӨКМ чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ага ылайык, 4-майда түнкүсүн жана 5-7-май күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

 4-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, 5-7-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошондой эле айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

Exit mobile version