Site icon Reporter.kg

Сел жүрүп, таштар кулады. Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылды

Бүгүн, 23-июнда Бишкек – Ош унаа жолунун 374-375-чакырымында катуу жамгырдан улам сел жүрүп, 6 тилкеден таштар кулап, жолду эки тараптуу жаап калган. Бул тууралуу ӨКМден билдири-шти.

Маалыматка караганда, жерине 10 куткаруучу, ЖК кызматтарынан 5 оор техника тартылып, тазалоо иштери башталды. Кара-Көл шаардык ЖККБнан 3 экипаж тартылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Мындан улам ӨКМ жарандарды 23-24-июнь күндөрү Бишкек – Ош унаа жолуна чыкпай турууну эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version