Site icon Reporter.kg

Селден жабыркаган дыйкандарга кандай жардам көрсөтүлөт?

Өлкөдө селден жабыркаган дыйкандардын чыгымдары эсептелүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Нурбек Алимбеков Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө кайрылып: “Селден жабыркаган дыйкандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатат”, – деген суроо узатты.

Өз кезегинде министр Аскарбек Жаныбеков азыркы учурда кесепеттерди эсептөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, социалдык төлөмдөрдөн бошотуларын жана насыяларды төлөөдө жеңилдиктер караларын белгиледи.

Бирок Нурбек Алимбеков бул жеңилдиктер маселени чечпестигин айтып, дыйкандардын чыгымдарынын 30 же 50%ын төлөөгө көмөктөшүү керектигин айтты.

 

Exit mobile version