Селден жабыркаган Ноокен районунда тазалоо иш-чаралары толугу менен аяктады — сүрөт

Селден жабыркаган Ноокен районунда тазалоо иш-чаралары толугу менен аяктады — сүрөт

Ноокен районундагы Достук айыл аймагында тазалоо иш-чаралары толугу менен аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн тазалоо иш-чараларына жалпы 11 куткаруучу жана айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чаралары толугу менен аяктаган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айыл аймагында 5-май күнү саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Анда Кызыл-Туу  айылында сугат каналынан суу ашып жашылча эгилген айдоо аянттарды, 12 үйдүн короосун каптаган жана 53 койду агызып кеткен.

[su_image_carousel source=»media: 27904,27903,27905,27906″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>