Site icon Reporter.kg

Селден жабыркаган Темир айылынын тургундары көчүрүлөт

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында 2024-жылдын август айында селден жапа чеккен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечими кабыл алынды.

Чечим селден жабыркаган Темир айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.  Анда жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү каралган.

Токтом долбоору президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн корутундусун жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чечимин эске алуу менен шашылыш түрдө иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, ущул жылдын 19-августунда Ысык-Көл облусунун түндүгүндөгү Темир, Булан-Сөгөттү, Корумду айылдарында сел жүргөн. Жалпысынан 380 үйдү, 11 дүкөндү, беш пансионатты, ички жана негизги жолдорду суу каптаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version