Селден жапа чеккендерге жардам берилеби? Өкмөттүн жообу

Селден жапа чеккендерге жардам берилеби? Өкмөттүн жообу

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Айнура Осмонова  Өкмөт өкүлүнө кайрылып,  селден жапа чеккендерге кандай жардам берилерин сурады.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бир гана камсыздандырылган турак-жайлардын ээлерине жардам берилерин айтты. 

“Лейлекте 4 үй жабыркаган болсо анын бирөөсү гана камсыздандырылган. Ал үйлөргө да өтө көп залал келген эмес. Ага карабай жардам берилди. Мыйзамда көрсөтүлгөн башка механизмдер жок, ошондуктан бир гана камсыздандырылса жардам берилет”, — деди Мадумаров.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында турак-жай гана эмес айыл-чарбасы да камсыздандырыларын белгилеген депутат Айнура Осмонова зыян тарткан дыйкандардын чыгымдары кантип калыбына келтирилерине кызыкты.

Эгиндерин жоготкон дыйкан-чарбагерлердин зыяны учурда  эсептелип жатканын, такталган соң маалымат берилерин Өкмөт өкүлдөрү билдиришти. 

“Азыркы учурда  айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча депутат Мирлан Бакировдун жетекчилиги менен мыйзам долбоору иштелип чыгып жатат. Ошол мыйзам ишке кириши керек” , — деди айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев.

Республика боюнча 1 млн. 174миң турак-үй болсо, анын  854 миң 399у жер тамдар, 320 миң 273ү көп кабаттуу үйлөр. Анын ичинен 87 миң 332 үй камсыздандырылды. Пайыз менен алганда өлкө аймагындагы турак жайлардын 7.4% гана камсыздандырылган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>